05/08/2026
«Бишкек Арена» — эл аралык архитектуралык коомчулуктун көңүл борборунда
Социалдык тармактардагы белгилүү эл аралык архитектуралык баракчалардын бири болгон Architecture Hub (дээрлик 2 миллион катталуучусу бар) «Бишкек Арена» тууралуу материал жарыялады.
Аянтча дүйнө жүзүндөгү кайталангыс архитектуралык байыркы имараттар, өзгөчө курулмалар, көчө искусствосу, айкелдер жана дизайн боюнча материалдарды жарыялоого адистешкен. Бул жолу авторлордун көңүлүн дал ушул Кыргызстандын ири масштабдагы долбоору бурду.
Макалада стадиондун архитектуралык концепциясы салттуу кыргыз боз үйү шыктануу менен иштелип чыкканы белгиленет. Тегерек формасы жана улуттук оймо-чиймелер менен кооздолгон кызыл-ак түстөгү фасады салттуу турак жайдын образын заманбап спорттук курулуштун деңгээлинде жаңыча чагылдырат. Стадион 51 000 көрүүчүгө ылайыкталган.
Ошондой эле авторлор курулуш иштери аяктагандан кийин «Бишкек Арена» Борбордук Азиядагы эң ири стадион болорун белгилешкен. Комплекстин курамына коммерциялык жайлар, фуд-корттор, бизнес-аймактар жана 2000ден ашык автоунаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай кирет.
Бул жарыя окурмандардын чоң кызыгуусун жаратып, ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн оң пикирлерди топтоду. Колдонуучулар стадиондун өзгөчө архитектуралык концепциясын, анын масштабын жана улуттук салттарды заманбап архитектуралык чечимдер менен ийгиликтүү айкалыштырганын жогору баалашты.
Кыргызстандын архитектуралык долбоорлору эл аралык деңгээлде таанылып, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон архитектура жана дизайн сүйүүчүлөрүнүн чыныгы кызыгуусун жаратып жатканы кубандырат.
***
«Бишкек Арена» — в центре внимания международного архитектурного сообщества.
Один из известных международных пабликов в социальных сетях Architecture Hub, аудитория которого насчитывает почти 2 миллиона подписчиков, опубликовал материал о «Бишкек Арене».
Площадка специализируется на публикациях об архитектурных шедеврах, древних зданиях, необычных сооружениях, уличном искусстве, скульптуре и дизайне со всего мира. На этот раз внимание авторов привлек именно масштабный проект Кыргызстана.
В публикации отмечается, что архитектурная концепция стадиона вдохновлена традиционной кыргызской юртой. Круглая форма и красно-белый фасад с национальными орнаментами переосмысливают образ традиционного жилища в масштабе современного спортивного сооружения, рассчитанного на 51 000 зрителей.
Также авторы подчеркнули, что после завершения строительства «Бишкек Арена» станет крупнейшим стадионом Центральной Азии. В состав комплекса войдут коммерческие помещения, фуд-корты, деловые зоны и парковка более чем на 2 000 автомобилей.
Публикация вызвала большой интерес у аудитории и собрала многочисленные положительные комментарии пользователей из разных стран. Многие отметили оригинальную архитектурную концепцию стадиона, его масштаб и удачное сочетание национальных традиций с современными архитектурными решениями.
Приятно видеть, что архитектурные проекты Кыргызстана получают международное признание и вызывают искренний интерес у миллионов ценителей архитектуры и дизайна по всему миру.